Жарым жылда туризм тармагынан 160 миллион сомдон ашык салык түшкөн
15 июль

Жарым жылда туризм тармагынан 160 миллион сомдон ашык салык түшкөн

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 160,6 млн сомду түзгөндүгүн билдирет.

Акыркы беш жылда Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык түшүүлөр алты эседен ашык көбөйдү. Бул мезгил аралыгындагы жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү.

2020-2025-жылдар аралыгында туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер төмөнкүдөй болду:

  • 2020-жылы – 49,3 млн сом;
  • 2021-жылы – 123,6 млн сом;
  • 2022-жылы – 200 млн сом;
  • 2023-жылы – 277,1 млн сом;
  • 2024-жылы – 336 млн сом.