Тигүү тармагындагы кырдаал: продукциянын сапатын текшерген лаборатория курулса, Европа рыногуна чыгууга жол ачылат
16 январь

Тигүү тармагындагы кырдаал: продукциянын сапатын текшерген лаборатория курулса, Европа рыногуна чыгууга жол ачылат

Кыргызстандык тигүүчүлөр туш болгон кыйынчылык жана андан чыгуу үчүн кандай аракеттер жасалып жатат? Бул  тууралуу бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттар тобунун жыйынында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Диля Дүйшөбаева айтып берди.

Ал бүгүн тигүү тармагын алдыга жылдырып жаткандардын ишкерчилик жолу Аскар Салымбеков түптөгөн “Дордой” базарына Кытайдан товар ташып келүү менен башталганын белгиледи. Андан соң, анын айтымында, тигүү товарларына болгон суроо-талап өсөөрү менен Борбор Азияда биринчиден болуп Кыргызстандык тигүүчүлөр тарых жараткан.

“Биз биринчи патент менен иштегенбиз, андан соң 0,25 пайыздык салык режими киргизилди. Бул мамлекеттин колдоосу болду. Мындай салык режими башка өлкөлөрдө жок. Бирок бул ишкерлерге жеңил болгону менен тигүүчүлөргө айына 7-9 миң сомго айланды жана бул төлөмдү ишкер өзү көтөрдү. Башкача айтканда, мисалы, 100 тигүүчүсү бар ишкананын ээси айына 700-900 миң сомду салыкка төлөп турган. Андан тышкары ижара акысы, коммуналдык тейлөөлөр болуп чыгаша көбөйүп отуруп, чынында ишкерлерге иш алып баруу кыйынчылык жараткан. Мамлекеттик салык кызматынын тынымсыз иш-аракетинин натыйжасында, быйыл өлкө башчыбыздын жарлыгы менен тигүүчүлөргө карата 2200 сом салык киргизилди. Бул тигүүчүлөр үчүн натыйжалуу колдоо болду”, – деди ал.

Дүйшөбаева бүгүнкү кыргызстандык тигүүчүлөр туш келген кырдаалда коомчулукта күнөөлүү тарапты издегендер көп болуп, алардын бири “колдоо көрсөтпөгөн мамлекетти” айыпташса, кээ бири “көмүскө иштөөгө качкан” ишкерликке айыпты оодарганын эске салды.

Ал мындай талкууларга түздөө киргизүү максатында, Wildberriesке байланышкан кыйынчылыктын келип чыгышынын негизги себеби катары – Россия өлкөсү жаңы мыйзам кабыл алганы менен анын аткарылышынын инструкциясы жана механизмин иштеп чыкпаганын белгиледи.

“Эмнеге ишкерлер ачык иштешкен эмес деген суроого мындай жооп берем – анткени, Россиядан заказ берген серверлерге товарды “серый” жол менен алуу ыңгайлуу болгон”, – деди ал.

Ошондой эле Дүйшөбаеванын айтымында, Кыргызстандын тигүү тармагы бүгүнкү кырдаалдан оңой эле чыгып кетмек – эгерде өлкөдө тигүү продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун текшерген лаборатория болсо.

“Биз Россия далысын салган учурда дагы, эгерде лабораториябыз болгондо, Европа рыногуна чыгып кетмекпиз. Мисалы, Өзбекстанда мындай лаборатория бар жана алардын бир эле компаниясы бир күндө 7 фура эркектердин костюмун Европага экспорттоп жатканына күбөбүз. Бизге лаборатория абдан керек. Биздин ассоциация бул маселени жеке күчүбүз менен чечүүгө аракеттенип, Кытайга төрт жолу каттап жатып инвестор таптык. Экономика жана коммерция министрлиги менен чогуу аракеттенип, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин көмөгү аркылуу лаборатория куруу үчүн Восток айылынан 4 гектар жер тилкесин бөлдүрдүк. Учурда трансформациялоо иштери аяктап, курулуш иштери башталганы турат. Ал жерге лаборатория менен катар тигүү тармагы үчүн керектүү башка мекемелер да курулат”, – деди Дүйшөбаева.