Баткенде 2025-жылы 1,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлгөн
2025-жылдын жыйынтыгы менен Баткен облусу боюнча көмүр казуунун көлөмү 1 млн 401 миң тонна көмүр казып алынды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, алар:
- Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы 3 кенде, карьер ыкмасы менен – 960 миң тонна көмүр казылып, жалпы көлөмдүн 68,5% түздү,
- Сүлүктү шаарынын 46 көмүр шахталары 430,8 миң тонна көмүр өндүрүп, жалпы көлөмдүн 30,7% түздү,
- Баткен районунда – 46,6 миң тонна, Лейлек районунда - 3,2 миң тонна көмүр өндүрүлдү,
- Ички рынокто Сүлүктү көмүрүнө суроо-талап жогору.
- Ал эми Кадамжай районунун Бел-Алма көмүр кенинен казып алынган көмүр логистикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилүүдө.
