Ош облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр талкууланды
22 сентябрь

Ош облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр талкууланды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында 22-сентябрда өкүлдүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаевдин төрагалыгы астында кеңири жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарада облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн учурдагы абалы талданды жана 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыктарына даярдык маселелери каралды.

Жыйынга район акимдери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Кеңешменин негизги максаты – үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, өсүү темпин камсыз кылуу жана тармактар боюнча иштердин сапатын жогорулатуу болду.

Жыйында өнөр жай тармагынын абалы, жаңы ачылган ишканалардын ишмердүүлүгү, инвестиция тартуу динамикасы, салыктардын жыйналышы, айыл аймактарынын дотациядан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана турак жайларды камсыздандыруу маселелери талкууланды.

Анын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар жүктөлүп, көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жана кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү милдеттендирилди.