Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди
19 ноябрь

Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

ГЭСтин ачылуу аземине облус башчысы  Айбек Шаменов, район акими Болоткан Баяке уулу баш болгон жетекчилер, жергиликтүүлөр катышты.

ГЭСтин 1-агрегаты толук кандуу ишке кирди. Анын кубаттуулугу саатына 200 кВт. ГЭСтин жалпы убаттуулугу 600 кВт.

Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8,0 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 8,0 млн сом насыя берилген.

ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт. 10 адам жумуш менен камсыз болууда.