Салык кызматы бизнес менен өнөктөш, сервистик органга айланат
3 июль

Салык кызматы бизнес менен өнөктөш, сервистик органга айланат

Салык кызматы бизнес менен өнөктөш, сервистик органга айланат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ала-Тоо24” каналына берген интервьюсунда билдирди.

Ал жарандардын салыктык сабаттуулугун арттырууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүлүгүн баса белгиледи.

“Биз азыркы кетип бараткан темптен жазбай, мониторнигди, тартипти, түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Бизнес менен болгон өнөктөштүктү бекемдейбиз. Жарандардын салык маданиятын жогорулатуу багытында иштерди күчөтөбүз”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал, салык боюнча агартуучулук иш-чараларды  орто билим берүү мекемелеринен баштоону, салык боюнча окутууну  программаларга киргизүүнүн актуалдуулугуна токтолду.

“Салыкты мектептен баштап окутуу керек. Салык – бул ар бир адамдын атуулдук милдети, мекенчилдик сезими. Мекенин сүйгөн адам салык төлөшү керек, салыктан качуу бул элине болгон кыянаттык деген  түшүнүктү коомчулукка жеткирүү башкы милдеттерибиздин бири”, - деп белгиледи  Салык кызматынын төрагасы.