Таалайбек Ибраев: Кыргызстанда энергодефицит болбойт
Кыргызстанда энергодефицит болбойт. Болгону үнөмдөгүлө деп жатабыз. Мындай пикирин энергетика министри Таалайбек Ибраев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымына караганда, электр энергиясы жылдагыдай эле кошуна өлкөлөрдөн кышкысын 3 сомдон импорттолуп, элге 1 сом 37 тыйындан берилүүдө.
"Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президентибиз “Импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула” деп тапшырма койгон. Эмдиги жылы карыздан толук кутулабыз. Кирешеге чыга баштайбыз. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз", – деди ал.
