Кара-Сууда пахтачылык станциясынын жаңыланган имараты ачылды
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун Большевик айылында жайгашкан Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун Кыргызстан пахтачылык станциясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын пайдаланууга берүү аземине катышты.
Станция 1926–1927-жылдары Фергана өрөөнүндө пахта өстүрүүнүн илимий негиздерин изилдөө үчүн негизделген жана өлкөнүн өсүмдүк өстүрүү тармагындагы маанилүү мекемелердин бири болуп келет.
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын жана жеке көзөмөлүнүн негизинде имаратты толук жаңылоого 33 млн сом бөлүнүп, 1 788 чарчы метрлик үч кабаттуу объект калыбына келтирилди. Эми бул жаңы имарат Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дыйкан-фермерлер үчүн министрликтин аймактык өкүлчүлүгү катары кызмат кылып, бардык ведомстволук түзүмдөрдүн ишин бир жерден аткарууга шарт түзөт.
Ошондой эле илимпоздор үчүн лаборатория, китепкана, конок бөлмөлөрү сыяктуу заманбап шарттар каралган.
Имаратта ачылган “Фермерлерди тейлөө борбору” аймактагы дыйкан-фермерлердин бардык маселелерин жеринде чечүүгө багытталган. Министр Бакыт Төрөбаев бүгүн фермер жөн гана жер иштетпестен, жаңы технологияларды колдоно алган, ой жүгүртүүсү кең, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап агро-бизнесмен болушу керек экенин белгилеп, аймактарда фермердин жаңы образын түзүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
