Баткендик дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн кирешеге чыккан
15 октябрь

Баткендик дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн кирешеге чыккан

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы жергиликтүү дыйкан мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алып, интенсивдүү ыкма менен кулпунай өстүрүп келе жатат.

Өткөн жылы дыйкан 17 миллион сомго чейин киреше таап, 100 тоннадан ашык кулпунайды экспортко чыгарган болсо, быйылкы жылы анын көрсөткүчтөрү эки эсеге жогорулап, 34 миллион сом киреше алып, 200 тоннадан ашык продукцияны Россия жана Казакстан мамлекеттерине экспорттоду.

Бул жетишкендиктердин негизги себеби – 3+2 программасынын алкагында жүргүзүлгөн иштер болуп саналат. Программа аркылуу айыл чарба адистери жердин абалын анализдеп, өсүмдүккө керектүү азыктарды берүү боюнча так сунуштарды беришкен. Натыйжада кулпунай талааларында түшүмдүүлүк кыйла арткан.

Мындан тышкары, кошуна дыйкандар дагы жердин анализи менен иштөөнү жана азыктандыруу ыкмаларын үйрөнүшүп, өз чарбаларында жакшы жыйынтыктарга жете алышты.

Бул тажрыйба аймактагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана экспорттук потенциалды жогорулатууда маанилүү үлгү болуп саналат.