Энергетика министри Т.Ибраев Дүйнөлүк банктын вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту
2025-жылдын 14-октябрында Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланып, негизги көңүл Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга багытталды.
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын жетекчилигине долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, иштер мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле аймактык кызматташтык жолго коюлгандыгын, учурда долбоорду ишке ашыруу зонасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөнүн баса белгидеди.
Министр Т.Ибраев 2025-жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында коңшу өлкөлөрдүн (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан) өкүлдөрү менен Айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү боюнча талкуулоо пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары ал Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу үчүн донордук комитеттин мүчөлөрү менен Брюссель шаарында жолугушуу өткөрүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле Европа инвестициялык банкы менен 500 млн. АКШ долларга, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен 500 млн АКШ долларга чейин долбоорду каржылоо макулдашылганын айтып өттү.
Жыйынтыгында министр Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүдө көрсөткөн туруктуу колдоосу жана натыйжалуу өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
