Салык кызматынын накталай эмес эсептешүүлөр боюнча салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрмөсү
7 ноябрь

Салык кызматынын накталай эмес эсептешүүлөр боюнча салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрмөсү

Мамлекеттик салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес эсептешүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык жана Эмгек кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берет.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында соода операцияларында накталай төлөмдөрдү алып салуу боюнча салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип жатат деген туура эмес маалымат жарыяланган.

Белгилей кетсек, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана коомчулукка туура эмес түшүндүрүлгөн.

Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз:

2025-жылдын 29-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Алар салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, ак ниет атаандаштыкты камсыздоого жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган.

Мындан тышкары, Мыйзамда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга, салыктык башкарууда натыйжалуулукту арттырууга жана ишкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган чаралар каралган.

2026-жылдын 1-январынан тартып өзүнүн жеке жак катары катталган накталай эмес төлөм жабдууларын же куралдарын колдонгон ишкерлерге жоопкерчиликти белгилеген ченем күчүнө кирет. Бул талапты бузган учурда төмөнкү чаралар каралган:

  • Биринчи жолу бузган учурда эскертүү берилет;
  • Кайрадан бузган учурда:
  • жеке жактар үчүн – 50 эсептик көрсөткүч,
  • юридикалык жактар үчүн – 280 эсептик көрсөткүч;

Бир нече ирет кайталанган учурда:

  • жеке жактар үчүн – 130 эсептик көрсөткүч,
  • юридикалык жактар үчүн – 650 эсептик көрсөткүч.

Ошондой эле, банктар тарабынан салык органдарына маалыматты же аны белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн жоопкерчилик киргизилет.

Бул учурда юридикалык жактар үчүн 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу төлөм шарттарын түзүү. Ишкерлерге болгон ишенимди жогорулатуу, бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү жана салык тартибин бекемдөө болуп саналат.

Бул чаралар экономиканы өнүктүрүүгө жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамдагы жаңылыктар салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, бизнеске болгон бюрократиялык жүктү азайтууга, кардарлардын ишенимин арттырууга жана төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Ошондой эле, бул өзгөртүүлөр санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

QR-коддорду, POS-терминалдарды жана электрондук капчыктарды колдонуу боюнча так эрежелер ишкерлер үчүн тобокелдиктерди азайтып, керектөөчүлөр үчүн коопсуз шарттарды камсыздайт.

Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр накталай төлөмдөрдү жоюуну карабайт. Болгону ишкерлер тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу тартибин бузган учурларда жоопкерчиликти аныктайт.

Ишкердик субъекттер товарлардын, иштердин жана кызматтардын төлөмүн банк карталары, электрондук акча жана улуттук стандарттагы QR-коддор аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Эске салсак, азыркы учурда накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу тартибин бузгандар үчүн төмөнкүдөй жоопкерчиликтер каралган:

– Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу жабдуулардын жоктугу же төлөмдү кабыл алуудан баш тарткан учурда:

  • жеке жактар үчүн – 10 эсептик көрсөткүч,
  • юридикалык жактар үчүн – 50 эсептик көрсөткүч.

– Ишкердик жүргүзүүдө үчүнчү жактын атына катталган QR-коддорду, POS-терминалдарды же электрондук капчыктарды колдонуу:

  • биринчи жолу бузганда эскертүү берилет,
  • кайрадан бузганда:
  • жеке жактар үчүн – 200 эсептик көрсөткүч,
  • юридикалык жактар үчүн – 650 эсептик көрсөткүч айып пул салынат.

КР Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр

Ошондой эле,  2025-жылдын 29-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди.

2026-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер – жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандарга эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөөгө милдеттүү болушат.

Эмгек акы накталай түрдө төлөнүшү мүмкүн болгон учурлар:

  • табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал жарыяланган учурда;
  • ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген башка учурларда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомуна ылайык, эмгек акыны накталай төлөөгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:

  1. Жумушчунун иши жайгашкан жерде банк кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
  2. Сезондук талаа иштерине жумушчу жалданганда;
  3. Ишкананын эсептерине камак коюлганда;
  4. Турак-жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);
  5. Айыл чарба кооперативдерине.

Мурда Эмгек кодексинде иш берүүчү – юридикалык жак эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөөгө тийиш деген норма болгон. Эми бул талапка кошумча жаңы өзгөртүү киргизилди.