Дан эгиндери жана буурчактуу өсүмдүктөр жалпы аянттын 508,6 миң га оруп алынды
Дан эгиндери жана буурчактуу өсүмдүктөр республика боюнча жалпы аянттын 74,9%и (679,0 миң гадан 508,6 миң га) оруп алынды.
Орточо түшүмдүүлүк 26,7 ц/гады түзүдө
Буудай: Аянттын 89,9%и оруп алынып, 558,8 миң тонна алынды.
Арпа: Аянттын 92,9%у оруп алынып, 543,8 миң тонна алынды.
Жүгөрү: Аянттын 33,8%и оруп алынып, 230,2 миң тонна алынды (өткөн жылдын деңгээлинде).
Жалпы түшүмү боюнча лидерлер Чүй (425,5 миң тонна), Ош (248,0 миң тонна) жана Жалал-Абад (211,4 миң тонна) облустары.
Жашылча-жемиштин түшүмү – 914,5 миң тонна (2024-жылга салыштырмалуу 91 миң тоннага көп).
Картөшкөнүн түшүмү – 523,5 миң тонна (2024-жылга салыштырмалуу 8 миң тоннага көп).
Бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмү – 305,4 миң тонна (2024-жылга салыштырмалуу 53 миң тоннага көп).
Жашылча-жемиш жана картөшкөнүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээде сакталып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү көрсөтүүдө.
Май өсүмдүктөрдү оруп алуу иши башталгыч этабында (аянттын 43,9%и оруп алынды).
Кант кызылчасы жана пахта берилген датага карата тандоо мүнөзүндө башталып, негизги иштер алдыда.
Тамеки аянттын 68,7%и оруп алынып, 3,2 миң тонна түшүм жыйындылы.
2025-жылдын берилген датасына карата өткөн жылга салыштырмалуу оруу иштеринин тездиги аянттар боюнча өтүп келет, бирок негизги дан экилиндердин (буудай, арпа) түшүмдүүлүгү бир аз төмөн.
Ошол эле учурда, жашылча-жемиш, бахча өсүмдүктөрү жана картөшкөнүн түшүмү туруктуу жогорку деңгээде сакталып, жалпы түшүмдөр өсүү көрсөтүүдө. Оруп жыйноо кампаниясы улантылууда.
