Ветеринардык дары каражаттарын каттоо боюнча жаңы система ишке киргизилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ветеринардык-дары каражаттарын каттоодон өткөрүү жана сапатын баалоо боюнча арыздарды каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу боюнча жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) тестирлөөнүн башталгандыгын билдирет.
АМСти иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Бул санариптик платформа ветеринардык препараттарды каттоого жана сапатын баалоого арыз берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу максатында иштелип чыккан.
Жаңы АМС жардамы менен ветеринария тармагында иштеген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер электрондук түрдө билдирме бере алышат, бул «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалары Борбору» мамлекеттик мекемеси менен өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуулугун жана ыкчамдыгын кыйла жогорулатат.
Системаны киргизүү бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга, процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана бардык катышуучулар үчүн зарыл маалыматка өз убагында жетүүнү камсыз кылууга багытталган.
АМС пилоттук этабынын алкагында тестирлөөдөн өтүп, андан соң аны Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына киргизүү пландалууда. Бул ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндө сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөнү камсыздоого мүмкүндүк берип, тармакты санариптештирүүдө жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.
