КР боюнча жаздык кылкандуу дан эгиндеринин 12,6 миӊ тонна үрөнү текшерилди
2025–жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республиканын бардык аймактарын үрөн менен камсыздоо үчүн жалпысынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал эми үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 58,1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 89,9% түзөт.
Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 20,5 миң тоннаны түзсө, топтолгону 18,0 миң тонна же камсыздоо 88,1%.
Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 43,9 миң тонна болсо, топтолгону 39,8 миң тонна же камсыздоо 90,7% түздү. Мындан тышкары - сулу, кара күрүч, соя, күрүч жана тамекинин үрөндөрү 100% камсыз болду.
Ошондой эле, жүгөрү 93,0%, күн карама 99,0%, дан буурчак 99,9%, сафлор 96,4%, пахта 85,5%, картошка 95,3%, беде 45,8, эспарцет 54,1 кант кызылчасы 55,7% үрөндүк материалдары менен камсыздалган.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сапатын текшерүү максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин Регионалдык башкармалыктары тарабынан анализге үлгү (проба) алынып жаздык кылкандуу дан эгиндеринин – 12,6 миӊ тонна үрөнү текшерилген.
Анын ичинен жазгы буудай 5,1 миӊ тонна, жаздык арпа 7,5 миӊ тонна.
Текшерилген үрөндүн кондицияга жеткен кылкандуу дан өсүмдүктөрү 11,8 миӊ тонна же 20,4 % түзөт, жаздык буудай 4,7 миӊ тонна, же 26,2 %, жаздык арпа 7,1 миӊ тонна же 17,85%.
