Жети-Өгүз районунда 230 000 даана мөмө-жемиш көчөттөрү өстүрүлүүдө
25-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Узак Групп” көчөт питомнигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министр Бакыт Төрөбаев бул долбоорду жогору баалап, төмөнкүлөрдү белгиледи:
– Жети-Өгүз районундагы бул питомник багбанчылыкты өнүктүрүүдө үлгү боло турган долбоор. Бул жерде заманбап агрардык ыкмалар колдонулуп, мөмө-жемиш тармагын диверсификациялоо ишке ашып жатат. Мындай демилгелерди колдоо менен биз айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын арттыра алабыз. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо механизмдерин дагы да кеңейтүүгө даярбыз, – деди министр.
Ошондой эле, жергиликтүү дыйкандар жана питомник жетекчилиги менен да баарлашып, продукциянын ички жана тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Питомник Ысык-Көл облусунун Саруу айыл аймагында жайгашкан. Негизги багыты – мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү.
Питомникте карагаттын 7 сорту (Добрыня, Серера, Ядренная, Белорусская сладкая, Память Вавилова, Золотистая смородина, Клусоновская), алмуруттун 2 сорту, өрүктүн 2 сорту (Краснощекий, Королевский) жана чычырканактын тикенексиз 5 сорту (Гном, Елизавета, Августина, Клавдия, Жемчужина) өстүрүлүп, жергиликтүү багбандарга сунушталат.
Суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу, 2025-жылдан тарта питомник кулпунай көчөттөрүн да өстүрө баштаган.
Көчөттөрдүн жалпы саны – 230 000 даана. Анын ичинен:
- мөмө бактарынын көчөттөрү – 45 000 даана,
- жемиш көчөттөрү – 185 000 даана.
Мындан тышкары, питомник жалпы 60 гектар аянтты камтыйт. Анын ичинде 13 гектар гилас жана 22 гектар өрүк багы бар. Ал эми 20 гектар аянттагы карагат плантациясы 2023-жылы отургузулуп, механикалык жыйноого ылайыкташтырылган.
2024-жылы питомниктин жетекчиси Маджиков Жыргал гилас багынан мол түшүм жыйнап, “Чемпион дыйкан” наамына татыган.
