2025-жылдын сентябрь айына карата дан эгиндеринин 68% жыйналды
2025-жылдын сентябрь айынын башына карата республика боюнча жалпы 678,4 миң гектар айдоо аянтынын ичинен 461,4 миң гектары жыйналып, бул көрсөткүч 68,0%ды түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миң гектарга көп.
Жалпы дан эгиндеринин дүң түшүмү 2025-жылы 1030,1 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк – 22,3 центнер/гектар. Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү 72,0 ц/га деңгээлинде болууда.
Оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 948 бирдик техника тартылып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 237 техникага көп.
Буудай: Жалпы оруп-жыйноо аянты 247,6 миң гектар. 2025-жылдын сентябрь айына карата 220,1 миң гектары жыйналып, 88,9%ды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк – 22,2 ц/га. Дүң түшүм – 488,8 миң тонна.
Арпа: Жалпы аянты – 249,3 миң га, анын ичинен 226,2 миң гектары жыйналып, 90,7% түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 15,0 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк – 20,6 ц/га. Дүң түшүм – 645,8 миң тонна.
Жүгөрү: Жалпы аянты – 111,6 миң гектар. Сентябрь айына карата 9,3 миң гектары жыйналып, 8,33% түздү. Орточо түшүмдүүлүк – 72,0 ц/га. Дүң түшүм – 67,0 миң тонна.
Түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.
