Бакуда кыргыз товарларынын Соода үйү ачылды
Баку шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунуштала турган Соода үйү ишин баштады. Бул тууралуу КР СӨПтөн кабарлашты.
Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды.
Бүгүн ачылыштын алкагында ОсОО «Nomads Tradition» жана «OKUKLU HOLDING» ЖЧКсынын ортосунда ниеттер тууралуу Меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Мамытканов катышты.
