Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август
Кыргызстандын банктарынын активдери жарым жылда 30% өсүп, 1,5 трлн сомдон ашты
Кыргызстандын банктарынын жалпы активдери 2026-жылдын алгачкы алты айында 30,2% өсүп, 1 трлн 577,3 млрд сомго жетти.
2025-жылдын аягында бул көрсөткүч 1 трлн 211,2 млрд сомду түзгөн. Ошентип, жарым жыл ичинде банк секторунун активдери 366 млрд сомдон ашык көбөйгөн.
Муну менен катар банктардын кардарларга берген кредиттеринин көлөмү да өстү. 30-июнга карата кредиттик портфель 602,6 млрд сомго жетип, жыл башынан бери 18,9% көбөйгөн.
Өткөн жылдын аягында кредиттердин көлөмү 507 млрд сомду түзгөн.
Финансылык ортомчулуктун деңгээли да жогорулады. Банк активдеринин ИДПга карата катышы 61,3%дан 72,4%га чейин, ал эми кредиттердин ИДПга карата катышы 25,7%дан 27,7%га чейин өскөн.
