Кыргызстанда күн карама майы кымбаттады
8 июль

Кыргызстанда күн карама майы кымбаттады

2026-жылдын июль айында Кыргызстанда күн карама майынын орточо баасы бир килограммына 193,68 сомду түздү. Июнь айында бул көрсөткүч 193,04 сом болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирилди.

Бир ай ичинде күн карама майынын баасы 64 тыйынга, же болжол менен 0,3%га жогорулады. Жалпысынан республика боюнча баа олуттуу өзгөргөн жок, бирок аймактар арасында айырмачылык дагы эле чоң бойдон калууда.

Июль айында эң кымбат күн карама майы Жумгал районунун Чаек айылында катталып, бир килограммы 208,38 сом болду. Андан кийинки орундарда Нарын – 198,90 сом, Каракол – 198,38 сом, Баткен – 197,67 сом жана Ош – 197,32 сом менен жайгашты.

Эң төмөнкү баа Манас районунун Семетей айылында катталып, бир килограммы 164,84 сомду түздү. Ошондой эле Ноокатта майдын баасы 177,06 сом, Өзгөндө – 178,61 сом, Токтогулда – 178,06 сом болду.

Бишкек шаарында күн карама майынын баасы 192,87 сомдон 193,72 сомго чейин жогорулады. Ал эми Ош шаарында тескерисинче, баа бир аз төмөндөп, 198 сомдон 197,32 сомго түштү.

Эң чоң өсүш Өзгөндө катталып, орточо баа бир ай ичинде 166,46 сомдон 178,61 сомго чейин жогорулады.