Улуттук банк алдамчылыктын дагы бир схемасы пайда болгонун эскертет
Кыргызстандын Улуттук банкы алдамчылыктын дагы бир схемасы пайда болгонун эскертет.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар телефон аркылуу байланыш операторунун жана «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын кызматкерлери катары өздөрүн таанышып, жарандардын акчасын ар кандай шылтоолор менен тартып алууга аракет кылган алдамчылык фактылары катталган.
Алдамчылар психологиялык таасир көрсөтүү ыкмаларын колдонушат. Өздөрүн мамлекеттик же коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү катары тааныштырып, ырастоочу коддорду берүүгө көндүрүшүп, банктык картанын реквизиттерин же башка жеке маалыматтарга ээ болушат. Шылуундар жеке эсептерге уруксатсыз кирип, кредиттерди тариздөө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, «Түндүк» мобилдик тиркемеси электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын курамдык бөлүгү болуп саналат, ал жарандардын санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана документтерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Демек, «Түндүк» мобилдик тиркемеси коммерциялык банктарга насыя алуу үчүн арыздарды берүү функциясын аткарбайт.
Ошондой эле, алдамчылар мессенджерлер аркылуу «Түндүк» ААКсынын жана сот аткаруучулардын атынан жасалма шилтемелер жана документтер менен карызы тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүү фактылары көп катталды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматына ылайык, карызды текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жана башка расмий органдарга же мыйзамда каралган расмий санариптик кызматтар аркылуу кайрылуу керек.
Мындан тышкары, КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин маалыматына ылайык, «Түндүк» ААКнын өкүлдөрү телефон чалып, жарандарга билдирүү жөнөтүшпөйт, тиркемеде катталууну сунуштабайт жана пароль, логин жана башка жеке маалыматтарды талап кылбайт.
