Ош шаарында сүттү кайра иштетүү цехи курулууда
7 ноябрь

Ош шаарында сүттү кайра иштетүү цехи курулууда

Ош облусунун аймагындагы Ош шаарында сүттү кайра иштетүү цехин куруу быйылкы жылга каралган 63 өндүрүштүк ишкананын тизмесине киргизилди.

Ишкананы куруу үчүн жалпы 2 гектар жер аянты талап кылынат. Учурда анын 1 гектар жери өнөр жай аймагына которулуп, 5 жылдык мөөнөткө “Обил Файз” ЖЧКсына берилген.

Бүгүнкү күндө иштетилген продукцияны сактоо максатында бөлүнгөн 1 гектар жердин 0,12 гектарына заманбап технологиядагы логистикалык сактоочу жай курулуп, ал толук ишке киргизилген.

Үзгүлтүксүз электр камсыздоону камсыз кылуу максатында 450 кВт кубаттуулуктагы трансформатор орнотулуп, тиешелүү электр тармактары тартылган. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурларда продукция сапатын сактоо үчүн кошумча генератор иштетилүүдө.

Учурда сүттү кайра иштетүү үчүн зарыл кубулуштардын курулушу жүрүп жатат. Тиешелүү долбоордук-сметалык документациялар толугу менен бүткөрүлүп, бардык юридикалык талаптарга жооп берет.

Финансылык маселелер чечилген, долбоор ишке ашууга толук даяр.

Ишкана учурда ICO талаптарына жооп берип, тизмеге киргизилген.

Мындан сырткары, ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында кошумча 1 гектар жер аянты берилсе, продукцияны Кытай жана Түркиядан сатып алуунун ордуна, жергиликтүү деңгээлде өндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул өз кезегинде продукциянын өздүк наркын төмөндөтүп, жарандарга арзан баада сапаттуу азыктарды сунуштоого өбөлгө түзөт.