«Достук» өткөрүү бекетинде электрондук кезек башкаруу системасы ишке кирди
Кыргызстан–Өзбекстан чек арасындагы «Достук» өткөрүү пунктунда электрондук кезек башкаруу системасы ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бул кадам чек арадан өтүүнү ылдамдатууга, чыгымдарды азайтууга жана товар агымдарын жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
2024-жылдын ноябрында пилоттук версиясы «Кызыл-Кыя» КППда сыноодон өткөрүлдү. Ал жүк ташуучу унаалардын топтолушун жоюп, кезектүүлүктү уюштуруп, процессти пландалгандай жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
Бизнестин чыгымдары азайып, соода процесстери ачык жана натыйжалуу болду.
