Кыргыз моцарелласы Өзбекстанга жиберилет
14 июль

Кыргыз моцарелласы Өзбекстанга жиберилет

Экономика министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик продукцияны тышкы рынокко жылдыруу максатында активдүү иш алып барууда. Ушул багытта, ОсОО «Элит Моцарелла» компаниясынын башкы директору Ахмет Генч менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчиси Чотонов Д.Т. жолугушуусу уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Соода өкүлчүлүгү менен ОсОО «Элит Моцарелла» ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул документ эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана экспортту өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле, ОсОО «Элит Моцарелла» Кыргызстандан Өзбекстанга моцарелла сырын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түздү.

Белгилей кетсек, бул ишкана каймак майы жана башка сүт азыктарын өндүрүүгө адистешкен.

Соода өкүлчүлүгү ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экспортту өнүктүрүү жана кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча иштерин улантууда.