Дүйнөлүк экономикага чыгуу. Малайзия өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 10-сентябрда Малайзиянын Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамедди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы жылдары эки мамлекет ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын белгилеп: “Өткөн жылы Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга иш сапары менен келсе, быйыл Президентибиз Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапар менен барып келди. Жолугушууларда кыргыз-малай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, негизги маселелер талкууланганын билебиз. Эми парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү менен жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөтүүбүз кажет. Анткени, парламенттик дипломатия алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууда негизги ролду ойнойт”, – деди.
Ошону менен катар Кыргызстан Малайзия менен бардык багыттарда тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин айткан Төрага: “Соода байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз кең экенине карабай, жетиштүү деңгээлге чыга албай келет. Биз аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү менен туризм тармагында да биргелешип иш алып баруубуз кажет. Бул үчүн Бишкек-Куала-Лумпур аба каттамын ачуубуз зарыл. Аба каттамынын ачылышы туристтерге эле эмес, экономикалык байланыштарды да өнүктүрүүгө өзгөчө өбөлгө түзөт”, – деп кошумчалады.
Андан тышкары, гидроэнергетика жаатында да Кыргызстандын потенциалы өтө чоң экенин билдирген Нурланбек Тургунбек уулу малайзиялык инвесторлорду аталган тармакка инвестиция салууга чакырды.
Өз кезегинде Малайзиянын Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед Кыргызстанга экинчи жолу келип жатканын билдирип, андан бери чоң өзгөрүүлөр болгонун, айрыкча Бишкек шаары өнүккөн калаага айланып бара жатканын байкаганын баса белгиледи.
Ошондой эле айтылган бардык сунуштарды колдой турганын айткан Нур Жазлан Мохамед билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине да токтолду. Анын ичинен малайзиялык студенттер Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда окууга кызыкдар экендигин билдирип, ал эми кыргыз студенттери Малайзияда технология, коммуникация жана бизнес багытында билим алса болорун кошумчалады.
Мындан сырткары, Малайзия тарап дүйнөлүк экономикага чыгуу жаатындагы тажрыйбасы менен да бөлүшүүгө даяр экенин эске салды.
Муну менен катар Нур Жазлан Мохамед Төрага Нурланбек Тургунбек уулун Малайзияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
