Кыргызстан жана Азербайжан эл аралык соода процесстерин жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулады
Түркстан шаарында 8-сентябрда КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алмаз Салиев жана Шахин Багиров эл аралык соода процесстерин жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты.
Бул аракеттер товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев Азербайжан тараптын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү активдүү позициясын жогору баалап, өнөктөштүктүн эки өлкө үчүн тең маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар жана алдын ала маалымат боюнча маалымат алмашууну ишке ашыруу багытында иш баштоо ниети тууралуу макулдашууга жетишилди.
