Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн англис тилиндеги маалымат жетишсиз — эксперт
сүрөт: depositphotos.com
20 октябрь

Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн англис тилиндеги маалымат жетишсиз — эксперт

Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартууга тоскоол болгон жагдайлардын бири — компаниялар тууралуу англис тилиндеги ачык маалыматтын жетишсиздиги. Бул тууралуу каржы маселелери боюнча эксперт Медетбек Назаралиев «Биринчи радионун» «Таңкы Кыргызстан» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, потенциалдуу инвестор компаниянын ишмердүүлүгү, каржылык отчеттору жана долбоорлору тууралуу маалыматты тез жана оңой таба алышы керек.

Эксперт белгилегендей, өнүккөн фондулук рыноктордо мындай маалыматтар ар кандай булактарда ачык жарыяланат. Ал эми Кыргызстанда, өзгөчө англис тилиндеги маалыматтардын көлөмү кыйла аз.

Назаралиев ата мекендик компанияларды ачык-айкындуулукту жогорулатууга, каржылык отчетторду түшүнүктүү форматта жарыялоого жана маалыматтык саясатка көңүл бурууга чакырды.

Анын пикиринде, бул чаралар инвесторлордун ишенимин арттырып, кыргызстандык компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгышын жеңилдетет.