КР Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат
Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков 9-сентябрда Кореянын борбордук жылытуу корпорациясынын (мындан ары «KDHC» деп аталат) директору Чон Ён Ги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эки тараптуу жолугушууда энергетика тармагында кызматташуу, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу жана технологиялар менен тажрыйба алмашуу, кадрларды окутуу жана өнүктүрүү, ошондой Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылануучу өнүктүрүүнүн расмий жардамынын (ODA) түрдүү программаларын пландаштырууда жана ишке ашырууда жигердүү кызматташуу жана ал аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары А.Д.Рысбеков жана «KDHC» директору Чон Ён Ги энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Аталган документтин максаты – энергетика жаатында өз ара кызматташууну өнүктүрүү, билим жана адам ресурстары менен алмашууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле туруктуу жана экологиялык жактан таза энергетикалык чечимдерди илгерилетүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы (мындан ары – “KDHC”), Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик ишкана, анын кеңсеси Корея Республикасынын Бунданг шаарында жайгатшкан.
