3,3 млн сомдук азык-түлүк товарларын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду
31 июль

3,3 млн сомдук азык-түлүк товарларын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктап, ага бөгөт коюшту. Алдын ала эсептөөлөр боюнча аныкталган эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 3,3 млн сомду түздү.

Тактап айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда ар кандай азык-түлүк товарлары тиешелүү коштомо товардык документтери жок ташылып баратканы аныкталды.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.