Саламаттыкты сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды
14 июль

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу ССМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, анын ичинде кенже медайымдардын, тартип сакчыларынын, тез жардам кызматынын айдоочуларынын жана медициналык мекемелердин ишин камсыз кылуучу башка кызматкерлердин эмгек акысы 20%га жогорулатылды.

Көбөйтүү мисалдары:

Кенже медайым:

▸ чейин — 13 240 сом,

▸ кийин — 15 606 сомду тузду.

Тез жардам унаасынын айдоочусу (атайын сигнал орнотулган):

▸чейин — 21 597,2 сом,

▸ кийин — 26 499,2 сом.

Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке 500,9 миллион сом каралып, 16 286 кенже жана техникалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт.