Шамшиев: 2026-жылы Кыргызстандын өнөр жайы эң аз дегенде 7,5 пайызга өсөт
15 январь

Шамшиев: 2026-жылы Кыргызстандын өнөр жайы эң аз дегенде 7,5 пайызга өсөт

Кыргызстанда 2026-жылы суу сактоо боюнча 120 объект куруу пландалууда, бул өлкөнүн өзүн өзү суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул тууралуу экономист Насирдин Шамшиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

Ал белгилегендей, бул жылы өлкөнүн өнөр жайынын эң аз дегенде 7,5 пайызга өсүүсү күтүлүүдө. Ошол эле убакта курулуш тармагы 20 пайызга жогорулайт. 

“2026-жылы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Жол ишке берилсе Бишкек-Ош автожолундагы жүктү азайтат. Андан тышкары темир жол паркын модернизациялоо уланат”, – деди ал. 

Экономисттин айтымында, калкта акча канчалык көп болсо, ошончолук керектөө да көбөйөт. Ал эми ички керектөө бул экономиканын өнүгүшүндөгү башкы фактор. 

“Ички керектөө жок дегенде 4,5 пайызга өсүшү керек”, – деди Шамшиев. 

Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнеске өзгөчө көңүл бурулуп жатканы ИДПнын өсүшүн дагы да камсыздайт. Анткени орто жана чакан бизнес ИДПнын 51 пайызын түзөт. Ишкерлер үчүн пайызы ылдый кредиттер, пайызсыз кредиттер каралган, бул 20 миң ишкерге 12 миллиард сомдон ашуун каражаттын кредитке берилүүсүн шарттары жана анын баары 21 миң кошумча жумуш орундарын түздү.