КР СӨП логистикалык компаниялар менен чек арадан өтүү маселесин талкуулады
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев логистикалык жана транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.
Диалогдун жүрүшүндө чек арадан өтүү жана жүк ташууларды уюштуруудагы кыйынчылыктарга байланыштуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар орун алган көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашышты.
КР СӨП логистика тармагындагы маселелерди мындан ары колдоого жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.
