Жумгал районунда экинчи жолу “Ак-Көл фест” фестивалы өткөрүлдү
Үңкүр-Сай капчыгайындагы кооз Ак-Көл көлүнүн жээгинде экинчи жолу “Ак-Көл Фест” фестивалы өттү. Аны КР Соода-өнөр жай палатасы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жана Миң-Куш айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурган.
Фестивалдын максаты - ички туризмди өнүктүрүү, жаңы тенденцияларды жайылтуу, улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана ашкананы жайылтуу.
Фестивалда кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана суусундуктар, этникалык мода көргөзмөсү, концерттик номерлер, “Манас” эпосу, элдик оюндар жана кечки кинотеатр көрсөтүлдү. Узундугу 2,5 км болгон Үңкүр-Сай капчыгайын бойлоп, муздак пейзаждардын арасында фотосессиялар менен сейилдөө өзгөчө таасир калтырды.
Фестивалга туристтер, туристтик агенттиктердин, жашыл технологиялык компаниялардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана ар кайсы аймактардан келген коноктор катышты.
Палата туруктуу туризм демилгелерин колдоону улантат жана фестивалды үзгүлтүксүз иш-чарага айлантууну пландайт.
