Ош шаарында 69,76 гектар аянтка "Агро өнөр жай комплекси" курулат
видеодон алынган кадр
20 октябрь

Ош шаарында 69,76 гектар аянтка "Агро өнөр жай комплекси" курулат

Ош шаарынын аймагында 69,76 гектар жер тилкесинде "Агро өнөр жай комплекси" курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Комплекс 18 лотко бөлүнүп, эт-сүт багытында мал багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү агрардык өнөр жай ишканаларын курууга фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет.

Долбоор ишке ашканда 980ден ашык адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болот. Аталган комплексти ишке киргизүү үчүн 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле учурда Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Коңур-Жаз" участогунда көлөмү 20 000 м³ болгон суу кампасы курулууда. Суу кампа ишке киргенден кийин "Агро өнөр жай комплекси" менен бирге 400 гектар кайрак жер шарттуу сугат жерине айланып, тоют маселесин чечүүгө шарт түзүлөт.