Токтогул шаарында заманбап мал союу жайы жана соода-логистикалык борбор ишке берилди
11 декабрь

Токтогул шаарында заманбап мал союу жайы жана соода-логистикалык борбор ишке берилди

Токтогул районунун Токтогул шаарында эки маанилүү социалдык-экономикалык объект – заманбап мал союу жайы жана соода-логистикалык борбор – салтанаттуу түрдө ачылды.

Жеке ишкер Раханова Зуура тарабынан райондук өнүктүрүү фондуна 2 млн 750 миң сомдук долбоор сунушталып, байкоочу кеңеш тарабынан жактырылган. Долбоорду каржылоого зарыл каражат толук бөлүнгөн. Ишкердин өздүк салымы 5 млн 395 миң сомду түзгөн.

Жыйынтыгында курулуш иштери 8 млн 147 миң сомго толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул ишкана мындан ары ветеринардык жана санитардык талаптарга ылайык кызмат көрсөтүп, жарандардын муктаждыктарын камсыздоого шарт түзөт.

Ошол эле күнү Токтогул шаарынын тургуну, жеке ишкер Осмонова Бактыгүл тарабынан 260 тонналык соода-логистикалык борбордун ачылышы да өттү. Долбоор облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каралып, 7 млн сом, ал эми райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн сом бөлүнгөн. Ишкердин өздүк салымы 2 млн сомду түзүп, жалпы курулуш наркы 11 млн сомду түздү.

Соода-логистикалык борбордун ишке кириши менен дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын талаптагыдай шартта сактап, жоготуусуз сатууга мүмкүнчүлүк алышат.