Мал эти 500-550 сом. Бишкектин базарларында байкоо жүргүзүлдү
Бишкек шаарынын негизги азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азыктарынын баалары туруктуу, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 21-январга карата министрлик тарабынан Бишкек шаарындагы (Аламүдүн, Орто-Сай, Ош ) азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн бири болуп саналган эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Аламүдүн базарында бодо мал эти 550-600 сом, жылкы эти 500-550 сом, кой эти 500-590 сом;
- Орто-Сай базарында бодо мал эти 550-650 сом, жылкы эти 500-600 сом, кой эти 580-600 сом;
- Ош базарында бодо мал эти 550-580 сом, жылкы эти 450-550 сом, кой эти 550-580 сомдун тегерегинде сатылууда.
Министрликтен кошумчалашкандай, аталган азык-түлүк базарларында уюштурулган социалдык аянтчалар бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат
