Аравандын тарыхында биринчи жолу бир күндө 9 өндүрүш ишкананын курулушуна старт берилди
18 ноябрь

Аравандын тарыхында биринчи жолу бир күндө 9 өндүрүш ишкананын курулушуна старт берилди

Араван районунда өнөр жай индустриалдык борборунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Бул – район тарыхында биринчи жолу бир күндө 9 ишкананын курулушу башталган ири өнөр жай кадамы болуп калды.

Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан аталган индустриалдык аймакты өнүктүрүү алкагында инвестициялык конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгында жеңүүчү инвесторлор аныкталган.

Аларга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев мамлекеттик актыларды расмий тапшырды.

Жалпы 90 гектар аймакта курула турган 9 өндүрүш ишкананын багыттары төмөнкүдөй:

  • курулуш материалдары,
  • кайра иштетүү,
  • айыл чарба продукцияларын таңгактоо,
  • экспортко багытталган өнөр жай тармактары.