Кыргызстанда 2 млн тоннадан ашык дан жыйналды
Кыргызстанда 2026-жылдын 23-сентябрына карата дан буурчак өсүмдүктөрүн, күрүчтү жана гречканы эсепке албаганда, 2 млн 49 миң тонна дан эгиндери жыйналды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7%га көп.
Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 27,2 центнерден 34,9 центнерге чейин жогорулады.
Анын ичинде буудайдын түшүмү 744,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 45,2%га өстү.
Арпанын түшүмү 687,1 миң тоннага жетип, 53,6%га көбөйдү. Ал эми дан үчүн жүгөрү жыйноо 613,6 миң тоннаны түзүп, 5,7%га өскөн.
Картошканын түшүмү 1 млн тоннадан ашып, 10,3%га көбөйдү.
Мөмө-жемиш жана мөмө-жидек өсүмдүктөрүнүн түшүмү 7,9%га өсүп, 303,3 миң тоннаны түздү. Ал эми бакча өсүмдүктөрүнүн түшүмү 4,3%га көбөйүп, 292,5 миң тоннага жетти.
Ошол эле учурда жашылчалардын түшүмү 1,2%га, пахтанын түшүмү 40%га азайган.
