
Кыргызстанда юридикалык жакты кантип ачса болот? Инструкция
Юридикалык жакты кантип жана кайдан ачууга болот
Кыргызстанда юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо КР Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Бул үчүн КР Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына кайрылуу керек.
Кандай документтер керек
Арыздын формалары, каттоо жол-жоболору жана каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси менен министрликтин расмий сайтынан таанышса болот (http://minjust.gov.kg/). Сиз кандай укуктук-уюм формасын ачкыңыз келсе, ага жараша арыздар, процедуралар жана документтердин тизмеси айырмаланышы мүмкүн.
Салык органында каттоо
КР юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өтүүдө салык каттоосуна бирдиктүү терезе принциби боюнча жалпы салык режимине тургузулат. Ошол эле учурда, эгерде сиз атайын салык режиминде иштөөнү пландаштырсаңыз, мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 15 календардык күндүн ичинде юридикалык дарегиңиз боюнча аймактык салык органына арыз (STI-163 формасы) тапшырышыңыз керек.
Салык режимдери
Салык режими - бул салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктардын курамы, ошондой эле аларды эсептөө жана төлөө тартиби. Кыргыз Республикасында жалпы салык режими жана атайын салык режими иштейт. Тандалган салык режимине жараша салык отчету ай сайын же квартал сайын электрондук түрдө “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу берилет.
Жалпы салык режими төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Пайдадан алынган салык
2. Киреше салыгы
3. КНС
4. Акциз салыгы
5. Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктар
6. Сатуу салыгы
7. Мүлк салыгы
Атайын салык режимдерине төмөнкүлөр кирет:
1. Патенттин негизинде салык
2. Бирдиктүү салыкка негизделген салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы
3. Эркин экономикалык зоналардагы салык режими
4. Жогорку технологиялар паркындагы салык режими
5. Тоо-кен салыгы
6. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө салык