Талас облусунда 25 ишкана жана 4 соода-логистикалык борборун ачуу пландалууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү максаттап, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Министрликтен кабарлашкандай, Талас облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 4 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана 21 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылган.
Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштеп, айыл чарба продукциясын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн арттырууга багытталат. Алардын ишмердүүлүгү буудайды, жашылча-жемиштерди, мөмө-жемиштерди, сүттү, этти, жүндү кайра иштетүүнү, ошондой эле май жана тоют өндүрүүнү камтыйт.
Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:
• Манас району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчу ишкана;
• Бакай-Ата району – 1 СЛБ, 5 кайра иштетүүчү ишкана;
• Айтматов району – 1 СЛБ, 5 кайра иштетүүчү ишкана;
• Талас району – 1 СЛБ, 5 кайра иштетүүчү ишкана.
Бул чаралар бардык район жана айыл аймактарын камтып, ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуулары азайып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплекси атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Министрлик пландарды жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырып, Талас облусунун жана башка региондордун агроөнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди улантат.
Министрлик белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу алкагында өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул демилгелер аймактарда кайра иштетүү тармагын жана агробизнесин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
