Статком: Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлыгы 25 миң сомду түздү
21 январь

Статком: Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлыгы 25 миң сомду түздү

Кыргыз Республикасынын аймактарында 2024-ж. январь-сентябрында 18,1 миң ишканалар иштеген, анын ичинен 17,2 миңи - чакан ишканалар, 0,9 миңи - орточо ишканалар.  Учурда иштеп жаткан чакан ишканалардын 65,9 пайызы өзүнүн ишмердигин Бишкек ш. жүргүзүшөт.

2024-жылдын 1-октябрына карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 479,2 миң бирдикти түздү,  өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 6,2 пайызга өстү.  

2024-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишканаларында 
иштегендердин саны 106,6 миң адамды түздү. Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы туруктуу өсүп жатат жана 
2024-жылдын январь-сентябрында анын өлчөмү 25 748 сомду түздү.