Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык талкууланды
2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасы – Европа Бирлигинин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча кичи комитеттин 7-жыйыны болуп өттү.
Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жетектеди. Европа делегациясын Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын (INTPA) Борбордук Азия жана Афганистан бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриен жетектеди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда инфраструктуралык жана инвестициялык артыкчылыктар, ошондой эле Европа Бирлиги менен кызматташуунун негизги инструменттерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Министрдин орун басары Медер Абакиров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте европалык делегацияга учурдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерди тааныштырып, жаңы сунуштарды жана Европа Бирлиги менен регионалдык кызматташуунун келечегин сунуштады.
Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын Борбордук Азия жана Афганистан бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриен Global Gateway долбоорунун алкагындагы оң жетишкендиктерди, айрыкча энергетика тармагында Кыргыз Республикасы менен Европа Инвестициялык Банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө алар эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашып, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун жана натыйжалуулугун жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
