Жети-Өгүз районунун социальдык-экономикалык 2030-жылга өнүктүрүү боюнча жыйын өттү
Бүгүн 25-июлда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулаган жыйын өттү. Анда Жети-Өгүз районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган маселелер каралды.
Жыйынга Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиленди. Анын ичинде ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин кеминде 8 % деңгээлинде камсыз кылуу зарыл.
– Жети-Өгүз району айрыкча кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана туризм тармактарында чоң потенциалга ээ. Улуттук программанын алкагындагы максатыбыз – Жети-Өгүз районунун потенциалын инфраструктураны өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өнүгүүнүн багытын ишке ашыруу болуп саналат, – деп билдирди министр Бакыт Төрөбаев.
Жыйындын жыйынтыгында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айылчарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу; Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү ж.б. тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат.
