Кыргызстанда 2025-жылы картошка менен сабизден мол түшүм алынары күтүлүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймагында ачык аянттагы жашылча өсүмдүктөрүнүн өсүү мезгили кызуу уланып жатканын маалымдайт.
2025-жылы картошканын жалпы аянты 64 637 гектарды, ал эми сабиздики 7 332 гектарды түздү. Акыркы жылдардагы орточо түшүмдүүлүккө ылайык, картошканын 1 гектарынан 175–178 центнер, сабизден 230 центнерге чейин түшүм алынат. Ушуга таянуу менен, быйыл картошкадан болжол менен 1,1–1,15 миллион тонна, сабизден 168 миң тонна түшүм жыйноо күтүлүүдө.
Кыргызстанда картошканын бир жылдык керектөөсү 757 900 тонна, сабиздики 98 600 тонна деп бааланат. Бул көлөмдөр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетиштүү.
Ошол эле учурда, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында, Министрлик күн сайын бааларга мониторинг жүргүзүү иштерин улантууда. Эгерде продукциянын тартыштыгы жаралып, ал экспорттун көбөйүшүнө же ортомчулардын бааны жасалма көтөрүшүнө байланыштуу болсо, анда аталган продукцияларды экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралат.
Министрлик бардык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү жана соода субъекттерин калкты жеткиликтүү жана туруктуу азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган ак ниет ишмердүүлүк жүргүзүүгө чакырат.
