МБКнын кызматкерлери тарабынан ири көлөмдөгү этил спиртин мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду
18 апрель

МБКнын кызматкерлери тарабынан ири көлөмдөгү этил спиртин мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады.

2026-жылдын 27-мартында «Түндүк-Чыгыш» бажысынын «Кант» убактылуу сактоо кампасына Түркия Республикасынан «ГКМ» ЖЧКнын дарегине автотранспорт каражаты келген. Документтерге ылайык, ар кандай багыттагы товарлар, анын ичинде сумка үчүн аксессуарлар, атайын техниканын тетиктери, пластмасса буюмдар, парда үчүн аксессуарлар жана парфюмерия продукциялары ташылып келген.

Бажылык тыкыр кароонун жүрүшүндө декларацияланбаган товарлар – жалпы көлөмү 2 373 литр болгон суюктугу бар канистрлер аныкталды. Бажы контролунун техникалык каражаты Thermo Fisher колдонуу менен аталган суюктук 96% концентрациядагы этил спирти экени аныкталган. Суюктуктун курамын тактоо максатында үлгүлөр Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик изилдөө кызматына жөнөтүлгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, суюктук этил спирти деп табылган.

Бул факты боюнча протокол түзүлүп, товарлар жана документтер белгиленген тартипте камакка алынган.