Жалал-Абад облусу тогуз айда 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспорттоду 
13 ноябрь

Жалал-Абад облусу тогуз айда 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспорттоду 

Ушул жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспортко чыгарылган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.

"Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан", - деп айтылат билдирүүдө.