Кыргызстанда картошка бир айдын ичинде 13% арзандады
сүрөт: depositphotos.com
7 июль

Кыргызстанда картошка бир айдын ичинде 13% арзандады

2026-жылдын июль айында Кыргызстанда картошканын орточо керектөө баасы байкаларлык төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республика боюнча картошканын орточо баасы бир килограммы үчүн 55,99 сомдон 48,71 сомго чейин түштү.

Баанын төмөндөшү 7,28 сомду, же болжол менен 13%ды түздү. Бул азык-түлүк товарларынын ичинен эң олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири болду.

Бишкек шаарында картошканын орточо баасы 61,17 сомдон 54,65 сомго, ал эми Ош шаарында 48,57 сомдон 39,51 сомго чейин төмөндөгөн.

Июль айында картошканын эң төмөнкү баасы Манас шаарында катталып, бир килограммы 38,74 сомду түздү. Ошондой эле картошка Ошто – 39,51 сом, Кербенде – 39,61 сом жана Токтогулда – 40 сом болуп, салыштырмалуу арзан сатылган.

Ал эми эң жогорку баалар Балыкчыда – 59,58 сом, Караколдо – 58,21 сом жана Бишкекте – 54,65 сом катталган.

Жалпысынан өлкөнүн көпчүлүк калктуу конуштарында картошканын баасы төмөндөгөн. Өзгөчө учур катары Талас шаарында орточо баа 51,97 сомдон 52,84 сомго чейин жогорулаганы белгиленди.