10 айдын ичинде ресторандар жана мейманканалар 34,7 млрд сом пайда тапты
24 ноябрь

10 айдын ичинде ресторандар жана мейманканалар 34,7 млрд сом пайда тапты

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө 48,8% басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда (4,5 п.п.). 2024-жылдын январь-октябрь айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү продукциянын көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3% га өстү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 2024-жылдын январь-октябрь айларында 1 230,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 119,0% түздү. 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көбөйүшү негизинен дүң (19,0 %) жана чекене (11,8 %) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болду.

Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 2024-жылдын январь-октябрь айларында 34,7 млрд сомду түздү жана 2023жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,2% га өстү. Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 30,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 112,3% түздү. 

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 4,14 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 49,3 %ды түздү. 2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды.

Керектөө бааларынын индекси 104,2 %ды түздү (2024-жылдын октябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 106,7 %ды түзгөн.