«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, мыйзам долбоору Эсептөө палатасынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, тышкы мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарына (INTOSAI) ылайык Эсептөө палатасынын институционалдык, функционалдык жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
