Жалал-Абадда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча жаңы жабдуулар берилди
25 июль

Жалал-Абадда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча жаңы жабдуулар берилди

Күн мурун Жалал-Абад облусунда Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 33 даана жасалма уруктандыруу жабдуусу айыл өкмөттөргө жана ветеринар-осеменаторлорго тапшырылды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, райондук ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү, тиешелүү айыл өкмөттөрдүн башчылары жана ветеринар-осеменаторлор катышты.

Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунда бир катар иш-чаралар ишке ашырылууда. Атап айтканда, сүт кластери боюнча 40 демонстрациялык чарба түзүлүп, 1000 дыйкан жана фермер окутулат. Ар бир чарбага 2000 АКШ долларына барабар товардык грант берилет, 12 сүт кабыл алуу пункту ачылып, эксперименталдык саан залы курулат. Ошондой эле, мөмө-жемиш кластери боюнча 45 демонстрациялык чарба түзүлүп, 1100 фермер окутулат. Ар бир чарбага 7000 АКШ долларына барабар товардык грант берилет.

Жыйында ветеринардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча Ноокен жана Сузак райондук ветеринардык лабораториялары жаңы жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалаары белгиленди. Ошондой эле, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ветеринардык медицина кафедрасында жасалма уруктандыруу боюнча окуу борбору түзүлөрү айтылды.

Мындагы иш-чаранын негизги максаты, облус аймагында 6000 баш бодо малды жасалма уруктандырууну жолго коюу, малдын асылдуулугун жана генетикалык абалын жакшыртуу, фермерлерге сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу болуп саналат.