Кыргызстанда туристтик компаниялардын жоопкерчилигин камсыздандыруу эрежелери иштелип чыгууда
сүрөт: depositphotos.com
3 сентябрь

Кыргызстанда туристтик компаниялардын жоопкерчилигин камсыздандыруу эрежелери иштелип чыгууда

Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы туристтик ишмердик субъекттеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин долбоорун иштеп чыгууда.

Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» жана «Туризм жөнүндө» мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында даярдалды.

Документте белгиленгендей, жаңы эрежелер туруктуу жөнгө салуучу чөйрөнү түзүүгө, камсыздандыруу секторун өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Долбоор мындан аркы илгерилетүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.